Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Альпинизм жөнүндө мыйзам долбоору иштелип, талкууга коюлду


Жеңиш чокусу.
Жеңиш чокусу.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев альпинисттердин коопсуздугун камсыз кылуу, бийик тоодогу жолдорго чыгуунун ачык тутумун түзүүнү сунуштоодо. Депутат айлана-чөйрөнү коргоо, бул багыттагы Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгып, коомдун талкуусуна чыгарды.

Эл өкүлү өлкөдө тоо туризми активдүү өнүгүп жатканына карабай альпинизм чөйрөсүндөгү мыйзамдар жетишсиз экенин белгилеген. Мыйзам экологиялык жоопкерчиликтүү альпинизмди колдоого жана өлкөнүн уникалдуу жаратылыш мурастарын сактоого багытталган. Токтошев 6000 метрден ашкан тоо чокуларына чыгууга пермит же уруксат алууну сунуштап жатат.

"Мыйзам альпинизм боюнча уникалдуу аймак катары республикага болгон кызыгуунун өсүшүнө, жергиликтүү калк үчүн шарттарды жакшыртууга, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге кирешелерди көбөйтүүгө дем берет, ошондой эле табигый жана тоолуу аймактарды коргоого көмөк көрсөтөт. Мыйзамдын кабыл алынышы альпинизмдин коопсуз жана туруктуу өнүгүүсү үчүн мыйзамдуу жанаа укуктук шарттарды калыптандырууну, альпинисттердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жана көрсөтүлүүчү кызматтардын деңгээлин жогорулатууну камсыз кылат", - деп жазылган долбоордун негиздеме-маалымкатында.

12-августта орусиялык альпинист Наталья Наговицина Жеңиш чокусунан түшүп келатып, 7200 бийктикте бутун сындырып алган. Анын өнөктөшү Роман Мокринский биринчи жардамды көрсөтүп, алдыда бараткан башка адамдарга маалымат берүү үчүн түшкөн.

13-14-август күндөрү Наталья Наговицинага италиялык Лука Синигалья жана австриялык Гюнтер Зигмунд жардамга келип, таштын жанына чатыр тигип, аялды жылуу ороп жаткырып, жылыткыч, тамак-аш, газ баллон берип коюп, өздөрү ылдый жөнөшкөн. 15-августта Лука Синигальянын абалы оорлоп, 6900 метр бийиктикте көз жумган. Адистер анын мээсине суу толуп кеткен деп божомолдоп жатышат. Сөөгү тоодо калды. Мокринский менен Зигмунд эвакуация болгон.

16-августта Жеңиш чокусуна альпинисттерди эвакуациялоо үчүн бараткан Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Ми-8 аскердик тик учагы кырсыктап, 4600 метр бийиктикте тоого катуу конгон. Борттогулардын баары аман калганы менен төрт адам жаракат алып, кийин Каракол шаарына жеткирилген.

19-21-август күндөрү Наталья Наговицина калган жерге дрон учурулуп, ал чатырда жаткан жеринен колун булгалап, тирүү экенин билдирген. Бирок аба ырайынын катаалдыгынан альпинистти куткарууга мүмкүн болгон эмес.

2-сентбярда Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Наталья Наговицинаны куткаруу операциясы толугу менен токтотулганын билдирди. Мунун алдында 4500 метр бийиктеги "Түштүк Эңилчек" базалык лагеринен бийик учкан дрон менен Наговицина калган жерди эки ирет кароо жүргүзүлүп, аскада калган альпинисттин тирүү экенинин белгилери байкалбаганын жазган.

Эң бийик жери 7439 метрге жеткен Жеңиш чокусу кыргыз-кытай чек арасындагы Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан.

Альпинисттердин эсебинде 1955-жылдан 2017-жылга чейин бул чокуда 70 киши каза тапкан, алардын көбүнүн сөөгү ак кар баскан тоодо калган.

Кыргызстандын аймагында жети миңдик үч чоку: Хан-Теңири (7010 метр), Ленин (7134 метр) жана Жеңиш (7439 метр) бар.

Тажикстандын аймагында Исмаил Самани (мурдагы Коммунизм - 7595 метр) жана Азаттык чокусу (мурдагы Корженевская - 7105 метр) жайгашкан.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG