АКШ администрациясы Орусиянын соңку аракеттерине байланыштуу санкцияларды күчөтүү боюнча "бардык варианттарды" карап жатат. Бул тууралуу Fox News телеканалына берген маегинде АКШнын каржы министри Скотт Бессент билдирди.
Ал Орусиянын президенти Владимир Путинди сынга алды.
"Анкориждеги (Аляска) тарыхый жолугушуудан жана европалык лидерлер менен президент Зеленскийдин Ак үйдө болгон сүйлөшүүсүнөн бери ал (Путин) ишарат кылгандын тескерисин жасады. Тескерисинче, ал жийиркеничтүү түрдө бомбалоолорун күчөттү", – деди Бессент.
Ал Путиндин АКШ президенти Дональд Трамп менен Аляскада болгон жолугушуусун жана андан кийинки телефон сүйлөшүүлөрүн эске салды. Бирок Бессент Путин Аляскада так эмне убада бергенин айткан жок.
Министрдин айтымында, АКШнын болжолдуу жооп чаралары ушул жуманын ичинде каралат.
Шейшемби күнү Дональд Трамп америкалык радио алып баруучу Скотт Женнингске маек берип жатып, Владимир Путинден "абдан көңүлү калганын" айткан. Ошол эле күнү Ак үйдө өткөн брифингде ал Украинанын жаңжалы боюнча "өтө кызыктуу нерселерди" билгенин кошумчалады. "Муну бир нече күндө билесиздер деп ойлойм", - деди АКШ президенти.
Мунун алдында Трамп эки жуманын ичинде Орусияга карата мындан аркы кадамдар боюнча чечим кабыл алууну пландап жатканын билдирген. Бул мөөнөт 1-сентябрда аяктады. Ошондой эле ал Орусия, Украина жана АКШ лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусун өткөрүү ниетин белгилеп, бирок “балким, Украина менен Орусия азырынча тынчтыкка даяр эмес” деген.
Трамп Орусиянын соода өнөктөштөрүнө (де-факто Индияга – анткени ал өлкөдө орус мунайын сатып алууга байланыштуу бажы төлөмдөрү иштеп жатат) каршы санкцияларды жана төлөмдөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле Украинага да басым көрсөтүү ыктымалдыгын четке каккан эмес.
Трамп согушту токтотууга кызыкдар экенин белгилеп, бул үчүн Орусия менен Украина айрым талаптарынан баш тартууга туура келерин айткан. Учурда эки тараптын ортосунда чоң пикир келишпестик – аймактарга жана согуштан кийинки коопсуздук кепилдигине байланыштуу маселелер турат.
АКШ администрациясы Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүдөн баш тартканын Москва сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетиши мүмкүн деген себеп менен түшүндүрүүдө. Бул согуштун белгисиз мөөнөткө узарып кетишине алып келери айтылууда.
Шерине