Жеңиш чокусунда калган альпинист Наталья Наговицинаны куткаруу операциясы толугу менен токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов билдирди. Ал 2-cентябрда 4500 метр бийиктеги "Түштүк Эңилчек" базалык лагеринен бийик учкан дрон менен Наговицина калган жерди эки ирет кароо жүргүзүлүп, аскада калган альпинисттин тирүү экенинин белгилери байкалбаганын жазды.
Дрондон тартылган бардык тасмалар Наталья Наговицинанын уулуна берилерин Кубатов кошумчалады
Альпинизм федерациясынын президенти кыргыз тарап альпинистти куткаруу боюнча бардык аракетин кылганын, бирок татаал табигий шарттан улам күтүлгөн жыйынтык бербегенин билдирди.
Орусиялык альпинист Наталья Наговицина Жеңиш чокусунан түшүп келатып, 12-августта 7200 бийктикте бутун сындырып алган. Анын өнөктөшү Роман Мокринский биринчи жардамды көрсөтүп, алдыда бараткан башка адамдарга маалымат берүү үчүн түшкөн.
13-14-август күндөрү Наталья Наговицинага италиялык Лука Синигалья жана австриялык Гюнтер Зигмунд жардамга келип, таштын жанына чатыр тигип, аялды жылуу ороп жаткырып, жылыткыч, тамак-аш, газ баллон берип коюп, өздөрү ылдый жөнөшкөн. 15-августта Лука Синигальянын абалы оорлоп, 6900 метр бийиктикте көз жумган. Адистер анын мээсине суу толуп кеткен деп божомолдоп жатышат. Сөөгү тоодо калды. Мокринский менен Зигмунд эвакуация болгон.
16-августта Жеңиш чокусуна альпинисттерди эвакуациялоо үчүн бараткан Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Ми-8 аскердик тик учагы кырсыктап, 4600 метр бийиктикте тоого катуу конгон. Борттогулардын баары аман калганы менен төрт адам жаракат алып, кийин Каракол шаарына жеткирилген.
19-21-август күндөрү Наталья Наговицина калган жерге дрон учурулуп, ал чатырда жаткан жеринен колун булгалап, тирүү экенин билдирген. Бирок аба ырайынын катаалдыгынан альпинистти куткарууга мүмкүн болгон эмес.
Шерине