Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Мунай ташуучулар май тартыш болушу мүмкүн экенин эскертти


Мунай ташуучулар ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбатташы мүмкүн экенин билдирди. Уюмдун жетекчиси Канат Эшатов “Азаттыкка” билдиргендей, учурда Орусиядагы мунай заводдорунан Кыргызстанга май сатуу боюнча сунуштар азайып, баасы да өсүп жатат.

“Ушул бизди кооптондуруп жатат. Бул азыркы баадан дагы 3-4 сомго кымбатташы мүмкүн. Бир жагынан сунуштардын азайып жатышы биздеги майдын тартыштыгын пайда кылышы мүмкүн. Орусиядагы заводдордун айрымдарында оңдоо иштер болуп жатса, кээ бирлерине дрон чабуулу болуп, күтүүсүз жабылууда. Орусия биринчи кезекте ички керектөөсүн камсыз кылмайынча, башкаларга бербейт да”, - деди Эшатов.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн 300 миң тоннадан 1 млн 500 миң тоннага чейин жетет. Анын дээрлик 90-95% Орусиядан сатып алынат.

Украиналык дрондор менен Орусиянын аймагындагы мунай базаларына сокку урулганы боюнча маалыматтар утур-утур чыгып турат.

Шерине

XS
SM
MD
LG