Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:39

Ооганстандагы зилзала жүздөгөн кишинин өмүрүн алды


"Талибандын" аскерлери жана жарандар жер титирөөдөн жабыркагандарды Жалал-Абаддагы аэропортко алып келишкен
"Талибандын" аскерлери жана жарандар жер титирөөдөн жабыркагандарды Жалал-Абаддагы аэропортко алып келишкен

Ооганстандын чыгышында, Гиндукуш аймагында 6,0 баллдык жер титирөөдөн жүздөгөн киши каза тапканы кабарланды.

АКШнын Геологиялык кызматы (USGA) билдиргендей, жер титирөө 31-августта жергиликтүү убакыт боюнча 23:45те болгон. Анын очогу Желал-Абаддан түндүк-чыгышы көздөй 27 чакырым алыстыкта орун алган.

Ооганстандын башында турган "Талибан" бийлиги жүздөгөн киши өлгөнүн ырастады.

«Кунар провинциясында 610 киши каза таап, 1300ү жаракат алды, мындан тышкары көптөгөн үйлөр талкаланды. Нангархар провинциясында 12 адам каза таап, 255и жараат алды. Ондогон турак жайга зыян келтирилди», - деди талибдер өкмөтүнүн өкүлү Абдул Матин Кане.

Жер титирөөдөн жабыр тарткан райондорго миңдеген куткаруучулар, аскерлер тартылып, уранды астынан адамдарды куткарып калуу иштери жүрүп жатат.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, башка мамлекеттер жаратылыш кырсыгына байланыштуу ооган элине көнүл айтып, колдоо көрсөтүүдө.

Өткөн апталарда Нангархар провинциясында күтүүсүз нөшөрлөп жааган жаандан кийин катуу суу ташкыны болгон, анда кеминде беш киши каза таап, эгин аянттарын, мал-мүлктөрдү сел алып кеткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG