Украинанын Жогорку Радасынын мурдагы төрагасы Андрей Парубийдин өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский cоцтармактагы баракчасына жазды. Президенттин маалыматы боюнча, кармалган адам биринчи көрсөтмөлөрүн берүүдө.
«Учурда бул кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо боюнча чукул тергөө иштери жүрүп, коргоо органдары, прокуратуранын бардык командасы күнү-түнү иштеп жатат”-деп жазды Зеленский.
Шектүүнүн тек-жайы тууралуу ачык маалымат жок. Бирок Ички иштер министрлигинен ал адам Хмельницк облусунун аймагынан кармалганын кабарлады.
Украинанын Жогорку Радасынын мурдагы спикери Андрей Парубийди 30-августта Львовдо атып кетишкен. Кол салган кылмышкер курьер катары кийинип, кылмышты ишке ашырганын кабарланган.
53 жаштагы Андрей Парубий 2016-2019-жылдары Жогорку Радада спикер болгон. Ал Украинанын Европага багыт алышын колдоп келген.
Евромайдан мезгилинде ал чатыр лагеринин коменданты болуп, Майдандын коргонуу тармагын жетектеген. 2014-жылдын февралынан августуна чейин Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы кызматын аркалаган.
Парубий менен коштошуу 1-сентябрда Киевдеги Майданда өтөрү кабарланды.
Шерине