Алясканын Анкориж шаарындагы жолугушуудан соң Дональд Трамп менен Владимир Путиндин кыска маалымат жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө сүйлөшүү учурунда кандай жыйынтыкка жетишилгени тууралуу так маалымат берилген жок.
Трамп жолугушууну "жемиштүү өттү" дегени менен “келишимге” келе алышпаганын ачык айтты.
Бирок Путин маалымат жыйында сүйлөшүү учурунда тараптар "келишимге келди" деп бир нече жолу белгиледи.
Эки лидер тең журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.
Басма сөз жыйынын ачып жатып Путин сүйлөшүү "конструктивдүү маанайда" өткөнүн билдирди. Ал АКШ менен Орусиянын коңшу экенин, эки өлкө Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында өнөктөш болгонун эске салып, бул келечектеги "кызматташтыкка өбөлгө болушу керектигине" басым жасады.
Путин Украинадагы согуш тууралуу сөз кылганда буга чейин айтып жүргөн "жаңжалды токтотуу үчүн анын баштапкы себептерин жок кылыш керек" деген тезисин кайталады.
Москва Украина чыгыш аймактарындагы "орус тилдүү калктын укугун басмырлаган" деген шылтоону согуштун “тарыхый себеби” катары көрсөтүп, коңшусуна кол салганын актагысы келет.
Кошмо Штаттардын президенти Трамп болсо жолугушууну "жемиштүү" деп атап, "кайсы-бир жылыш" бар экенин белгиледи. Бирок “келишимге жетишилген жок” деп билдирди. Ал Путин менен мамилеси жакшы экенин билдирип, эки тарап бир нече маселе боюнча түшүнүүгө келгени менен эң маанилүү маселеде мунаса таппаганын ачык айтты. Трамп жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу НАТО өлкөлөрүнүн лидерлери жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон талкууларын маалымдады.
Басма сөз жыйынынын аягында Трамп жакынкы келечекте Путин менен дагы жолугуп калышы мүмкүн экенин айтты. Орус президенти Москвага сапар менен келүүнү сунуштаса, Трамп “Мен ага сөз бере албайм, балким болуп да калышы мүмкүн” деп жооп кайтарды.
Шерине