Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Орусияда WhatsApp жана Telegram аркылуу чалуу бөгөттөлдү


Орусияда WhatsApp жана Telegram мессенжерлери аркылуу чалуу бөгөттөлдү. Бул маалыматты Орусиянын Роскомнадзор мекемеси ырастады.

Аталган орган сөз болуп жаткан мессенжерлер аркылуу “чалуулардын жарым-жартылай бөгөттөлүшүн” кылмыштуулукка каршы чара катары түшүндүрүүдө. Августтун башынан тарта WhatsApp аркылуу чалууларда маселе жаралып жатканын орусиялыктар айтып жатышкан. Бул өлкөдөгү көз карандысыз айрым маалымат каражаттар бул массенжер аркылуу чалууларга бөгөттөөнү Орусиянын жогорку жетекчилиги кабыл алганын өз булактарына таянып жазып чыккан. Мындай чечим телефон чалуулары азайгандан улам жылдан-жылга кирешеси төмөндөп жаткан орусиялык уюлдук операторлордун шыкагы менен кабыл алынышы мүмкүн экени болжолдонууда.

"Вёрстка", WhatsApp'дын Орусиядагы бир айлык аудиториясы 97,5 миллион адамга, ал эми Telegram'дыкы болсо 90 миллиондон ашык. Бул Орусиянын калкынын көпчүлүк бөлүгүн түзөт. Орус бийлиги бул мессенжерлерди бөгөттөп, Max деп аталган мамлекеттик тиркемени жайылтууну көздөп жатканы да кабарланды.

Шерине

XS
SM
MD
LG