Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндөгү Жөө бас каналынын жээгиндеги соода түйүндөр жана буга чейин талкуу жараткан “Эки дос” кафеси да буздурулмай болду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев 12-августта Курманжан Датка көчөсүндө рейд жүргүзгөн учурда Жөө бас каналынын жээгиндеги “Эки дос” кафеси жана анын айланасындагы коммерциялык объектилер мыйзамсыз курулганы аныкталган.
Мэрия буга чейин эле “Эки дос” тез татым жайы буздурула турганын билдирип, бирок кийин анын ишине уруксат берилгенин жарыялаган. Бул коомчулукта талкууга түшүп, социалдык тармактын колдонуучулары мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу акыйкатсыз болуп жатканын жазышкан.
“Эки достун” ээси Айдар Бакыев кафе 1988-жылы Союз мезгилинде, суу жана жер кодекстери кабыл алынганга чейин эле курулганын айтууда.
Ушул тапта жер-жерлерде, өзгөчө Бишкек менен Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген турак жайлар, дубалдар жана башка курулуштар бузулуп жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийликтин жетекчилерине кайрылып, айыл-аймактарда мыйзамсыз делген курулуштарды бузууда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, там-ташы буздурулгандарга шарт түзүп берүү керектигин билдирди. (BTo)
Шерине