Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Сентябрда Орусиядан 90 миңден ашык кыргыз жараны чыгарылышы мүмкүн


Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калган Кыргызстандын 91 миң жараны 10-сентябрдан кийин өлкөгө кайтарылышы мүмкүн. Бул тууралуу 12-августта Тышкы иштер министрлигинде (ТИМ) өткөн басма сөз жыйынында айтылды.

ТИМдин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыровдун сөзүнө ылайык, 2025-жылдын биринчи кварталынын соңуна карата Орусияда расмий түрдө 352 миң кыргызстандык катталган.

Маалымат боюнча, көзөмөлдөөчү реестрге алгач Кыргызстандын 70 миң жараны киргизилген. Июль айында анын саны 103 миңге чейин жогорулап, кийин 91 миң адам калган. Калганы документтерин тууралап, укуктук абалын мыйзамдаштырып алышкан. Ушул жылдын январь-август айларында Орусиядан 3748 кыргызстандык чыгарылып, дагы 292и депортация болгон.

Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.

Орусиянын президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык, ал жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-апрелге чейин өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга тийиш экени кабарланган. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин мөөнөт 10-сентябрга чейин узартылган.

Кыргызстандын бийлиги улам-улам кайрылуу таратып, Орусиядагы кыргыз жарандарын бул өлкөнүн миграциялык “кара тизмесинен” сентябрга чейин чыгып кетүүгө чакырып келатат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG