11-августтан баштап “Манас” эл аралык аэропортунун 1974-жылдан бери колдонулуп келаткан FRU деген үч тамгадан турган IATA коду BSZ деп өзгөртүлдү.
Бул чечим Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) коддорду өзгөртүү тартибин жөнгө салуучу 763-резолюциясынын жоболоруна ылайык 9-майда кабыл алынып, 90 күндөн кийин күчүнө кирди.
Үч тамгалуу уникалдуу идентификатор – Аба транспорту эл аралык ассоциациясы (IATA) дүйнөнүн аэропортторуна ыйгарган код. Аны авиакомпаниялар, билет сатуу жана брондоо менен алектенген агенттиктер жана башка кызыкдар тараптар маалымат алмашууда колдонушат. Код адатта аэропорт жайгашкан шаардын аталышына шайкеш берилет.
“Манас” эл аралык аэропортунун FRU деп аталган коду Бишкек шаарынын СССР маалындагы аталышы – Фрунзе сөзүнөн алынган. Мурдагы Пишпек 1925-1926-жылдардан тартып Фрунзе деп аталып, 1991-жылы Кыргызстан эгемендик алган соң Бишкек аталышына кайтарылган. Ошондон бери борбор калаадагы аэропорттун кодун жаңыча аталышка өзгөртүү аракети ишке ашпай келаткан. (BTo)
Шерине