Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:20

Саратовдогу дрон чабуулунан каза болгондор жана жараат алгандар бар


Орусиянын Саратов шаарына украиналык дрондор менен сокку урулуп, алардын бири турак үйдүн кире беришине түшкөн. Чабуулдун кесепетинен бир киши каза болуп, бир нече адам жараат алганын облус жетекчиси Роман Бусаргин билдирди. Бир нече батирдин терезеси күбүлүп, унаалар зыян тарткан.

Бусаргин дагы бир өндүрүштүк жай да зыян тартканын айтып, кайсы жерде экенин тактаган жок. Жергиликтүү тургундардын айтымында, дрон мунай базасына тийип, ал жерде өрт тутанган. Социалдык тармактарга чыккан сүрөт жана видеолордон коюу түтүн каптаганын көрүүгө болот.

Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн түнү 13 аймакта, Азов деңизинин үстүндө жана аннексияланган Крымда жалпы 112 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Шерине

XS
SM
MD
LG