8-август күнү Алматы облусундагы Үлкөн айылынын жанында алгачкы атомдук станциянын курулушу Казакстан менен Орусиянын Атомдук энергия боюнча мамлекеттик агенттиктеринин жетекчилеринин катышуусунда ырасмий түрдө башталды. Ушул эле күнү Алматы шаарында бул атомдук станциянын курулушуна каршы нааразылык акцияларын уюштурган деп айыпталып былтыр кармалган беш активисттин соту улантылды. Алар "жаңы станциянын курулушуна каршы митингдерге чыгууга, бийликке каршы күрөшүүгө үндөгөн" үчүн айыпталууда.
Росатомдун башкы директору Алексей Лихачев 8-августтагы аземде жаңы станция Нововоронеждик №6 станциянын үлгүсүндө курулаарын, Казакстанда дүйнөлүк урандын 40%ына жакыны өндүрүлүп жатканын, өлкөнүн эл аралык атомдук өндүрүштө өз орду бар экенин айтты. Казакстандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин жетекчиси Алмасадам Саткалиев станциянын курулушуна 14-15 млрд. доллардай инвестиция салынып жатканын, дагы 21 млрд. доллардай каражат социалдык объекттерди курууга, аймактагы инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалаарын белгиледи.
Алгачкы маалыматтар боюнча, Казакстандын алгачкы атомдук станциясы беш-жети жылда ишке киришет деп болжолдонууда. Казак бийликтери жаңы атомдук станция жылдан жылга электрди керектөө 4-5%га көбөйүп бараткан шартта 2030-жылдардан кийин мамлекетте улуттук энергетикалык коопсуздукту бекемдейт деп белгилеп келатышат.
Шерине