Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Оштун багындагы Текебаевдин, Султанбекованын имараты бузулуп жатканы кабарланды


Алишер Навои эс алуу багы.
Алишер Навои эс алуу багы.

Ош шаардык мэриясы Алишер Навои эс алуу багындагы мыйзамсыз пайда болгон 11 курулуш бузулуп жатканын билдирди. Мэриянын маалыматында 11 коммерациялык багыттагы курулуштун жер аянтарын кайтаруу сот аркылуу чечилген. Эскертүү берилгенине карабай имараттар бузулган эмес. Он бир имараттын жетөө Ак-Буура дарыясынын корук аймагына курулган.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирланбек Казыбай уулу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевге жана Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбековага тиешелүү имараттар да бузуларын билдирди.

“Эки жылдан бери соттук иштер жүрүп, анын жыйынтыгы менен жер тилкелери Муниципалдык менчик башкармалыгына өткөн. Бирок, жер үстүндөгү имараттар менчик ээлерине таандык. Эскертүүлөргө карабай ишмердүүлүгүн толук жүргүзүп жатат. Атын атап кетсек Өмүрбек Текебаевдин, Чолпон Султанбекованын имараты бар экени аныкталды”, - деди.

Буга чейин Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги корук аймагына мыйзамсыз салынып калган имараттар сүрдүрүлгөн.

Курулуштар арасында Жогорку Кеңештин бир канча чакырылышынын депутаты, мурдагы спикер Акматбек Келдибековдун “Байсан” рестораны, АКШдагы мурдагы элчи Бактыбек Аманбаев менен анын бир тууганы Урмат Аманбаевага таандык кафе жана эс алуучу жай, Жогорку Кеңештин бир канча жолку чакырылышынын депутаты, экс-төрага Асылбек Жээнбековго таандык жайлар бар экени айтылган.

Учурда Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу, жолду кеңейтүү, дарыянын жээктерин бошотуу иштери активдүү жүрүп жатат. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG