Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:29

Кремлде Владимир Путин менен Стив Уиткофф жолугушту


Владимир Путин менен Стив Уиткофф Кремлде жолугушту, 6-август, 2025-жыл
Владимир Путин менен Стив Уиткофф Кремлде жолугушту, 6-август, 2025-жыл

Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ лидеринин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен жолугушту. Жолугушуу эки жарым сааттан ашып, президент Дональд Трамптын Москвага койгон ультиматуму талкууланганы тууралуу маалым болду.

Трамп Орусияга 8-августка чейин Украина менен элдешүүгө мөөнөт белгилеген. Кремлдеги жолугушуунун алдында Financial Times гезити өз булагына таянып, эгер Уиткоффтун бул сапарынан эч кандай майнап чыкпаса Кошмо Штаттардын лидери "ачууланарын" айтканын жазды.

Москвада жарым жыл ичинде Путин Уиткофф менен бешинчи ирет жолукту. "Агенство" басылмасы бул жолу эң кыска жолугушуу болгонун эсептеген.

Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу эки тарап азырынча маалымат тарата элек.

Уиткоффту Москванын Внуково аэропортунда тосуп алган Путиндин чет өлкөлөр менен инвестиция-экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев жолугушуудан кийин "диалог [өлкөлөр ортосундагы] жеңет" деп Х соцтармагына жазды.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков "Звезда" телеканалынын эфиринде сүйлөшүүнү "абдан пайдалуу жана конструктивдүү" деп баалады. Анын айтканына караганда Кремлде "украин кризиси" талкууланып, "АКШ менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектеги мүмкүнчүлүктөрү" тууралуу сөз болду.

Шерине

XS
SM
MD
LG