Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Румыниянын энергетика тармагында өзгөчө кырдаал жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Румыниянын Энергетика министрлиги Азербайжандан ташылып барган мунайдын партиясы таза эмес болуп чыккандыктан өлкөнүн мунай корун толуктоо максатында жалпы энергетика тармагында 4-августта өзгөчө кырдаал жарыялады.

Маселе жаралып жатканы тууралуу өлкөнүн ири OMV Petrom мунай компаниясы кабарлаган. Ал 16-18-июль күндөрү Азербайжандан барган 92 миң тонна мунай жүктөлгөн танкерди кабыл алмак. Бирок ичиндеги мунайды текшергенде курамында органикалык хлорид бар экени аныкталгандыктан аны да, кийинки ошондой эле көлөмдөгү партияны да кабыл алуудан баш тарткан. Буга байланыштуу жаралган тартыштык 184 миң тоннаны түзүүдө.

Румыниянын мыйзамдарына ылайык, мунай жана мунай азыктарынын мамлекеттик кору 60 күн ичинде толукталышы зарыл. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG