Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

АКШ ХАМАСка барымтагыларды толук бошотуу талабын сунуш кылууну тапшырды


АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф Тель-Авивде, 2-август, 2025-жыл
АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф Тель-Авивде, 2-август, 2025-жыл

АКШ Израилге ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобуна Газа тилкесинде согушту токтотууну жана 50 туткундун баарын барымтадан бошотууну сунуш кылып, сүйлөшүүнү тапшырды. Бул тууралуу АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф билдирди. Ал палестиндер менен сүйлөшүүнүн максаты согушту дагы улантуу эмес, аны токтотуу экенин айтты.

Уиткофф ишембиде барымтагыларды жакындары менен Тель-Авивде жолугушкан. Вашингтондун өкүлү израилдиктер туткундардын бошотулушун, ал эми Газанын тургундары бул тилкени кайра калыбына келтирүүгө маанилүү кадам экенине үмүттөнүп турганын белгиледи.

Жолугушуу барымтада отуруп арыктап, абалы оорлошкон Ром Брасловски жана Эвьятор Давиддин видеосу жарыяланган маалда өттү. Алардын жакындары мындайды "учурдагы Холокост" деп атап, израил бийлигин сүйлөшүүлөрдү создуктуруп, так иш пландары жоктугун сындады.

Газада согушту токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы менен израил медиасы жазгандай, жакын арада анын жыйынтыгы болчудай эмес.

ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинде Израилдин "оккупациясы өкүм сүрүп турганда" курал-жарагын таштабай турганын билдирди. Топтун лидерлеринин бири Рази Хамед курал-жарак баш калаасы Иерусалим болгон көз карандысыз мамлекеттин армиясына берилерин айтты. Ал 2023-жылы 7-октябрда Изарилге кол салуу "палестин маселесине келгенде дүйнөнүн көзүн ачканын" кошумчалады.

ХАМАС ошондой эле АКШны "ачарчылык менен геноцидге" аралашып жатат деп айыптап, Уиткоффтун Рафахтагы Газага азык-түлүк тараткан бекеттердин бирине барганын "театрлаштырылган оюн" деп сындады.

БУУ май айынын этегинен тарта Газада гуманитардык жардам таратылган бекеттерде миңден ашуун кишини набыт болгонун, маалыматтарга караганда алардын көбү израил аскерлеринин огунан өлгөнүн билдирди. Израил армиясы гуманитардык борборлордогу мындай окуяларды иликтөөнү улантууда.

Алты өлкө - Иордания, Египет, Германия, Бириккен Эмирликтер, Франция жана Испания 1-августта Газа секторунун тургундарына жардамды абадан жеткирүү боюнча биргелешкен операцияны ишке ашырды.

21 уюмдун башын бириктирген платформа Газада “курсагы тойбогон, ачка калган, ооруга чалдыккан” адамдар кескин көбөйгөнү тууралуу докладдын 29-июлда чыгарган.

Шерине

XS
SM
MD
LG