Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:39

Жан Воинов камактан тосмо арыздын негизинде чыкканы маалым болду


Окуя Бишкектеги беш жылдыздуу мейманканада болгону кабарланган.
Окуя Бишкектеги беш жылдыздуу мейманканада болгону кабарланган.

Бейбаштыкка шектелип кармалган бийчи, 28 жаштагы Жан Воинов бир апта мурда тосмо арыздын негизинде милициянын тергөөчүсүнүн чечими менен камактан бошотулду. Бул тууралуу 4-августта "Азаттыкка" Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Милициядан белгилешкендей, окуяга байланыштуу Воиновго каршы Алина Жакыповадан тышкары Ж.Т. аттуу жигит да кайрылган. Ал сабалышына жеке Воиновдун тиешеси жоктугун айтып, тосмо арыз жазган.

Мекеменин маалыматында "Тергөө кызматынын иликтөө ишинин жүрүшүндө арыз ээси Ж.Т. тосмо арыз менен кайрылган. Анда ал шектүү Ж.В. аттуу жаранга мындан ары дооматы жок экенин билдирген. Буга байланыштуу, аны андан ары кармоого негиз жок болгондуктан Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын чечими менен Ж.В. бошотулду. Тергөө кызматы окуянын жагдайын текшерүүнү улантууда. Кылмыш иши боюнча Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим кабыл алынат" деп айтылды.

Бишкектеги Sheraton мейманканасында быйыл 30-июнда курбу кыздары менен эс алганы барып, зомбулукка кабылганын Бишкек шаарынын тургуну Алина Жакыпова 3-июлда социалдык түйүндөр аркылуу айтып чыгып, бул үчүн Жан Воиновду, анын аялын, кайнисин айыптап чыккан жана видео далилдерин жарыялаган.

Жан Воинов алып баруучу Ассоль Молдокматованын жана мушкер машыктыруучу Александр Воиновдун уулу болгондуктан окуя коомчулукта кызуу талкуу жана резонанс жараткан.

Воинов өзү, анын эки жансакчысы жана кайниси Рустам Алмасов кармалганы маалымдалган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG