Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:56

Йеменде мигранттар бараткан кайык оодарылып, 68 киши каза болду


Йемендик мигранттар кайыкка түшүү үчүн кезекте турушат. Архив сүрөт.
Йемендик мигранттар кайыкка түшүү үчүн кезекте турушат. Архив сүрөт.

Эфиопиялык кеминде 68 мигрант Аден булуңунда, Йемендин жээгине жакын аймакта кайык кырсыгынан набыт болгонун 3-августта Associated Press маалымат агенттиги Эл аралык миграция уюмуна таянып маалымдады.

154 мигрант бараткан кайык оодарылып кеткени, 68 кишинин сөөгүн жээктен табышканы, дагы 74 кишинин дайыны жок болуп жатканы, 12 киши аман калганы кабарланды.

Жумуш издеген көптөгөн африкалык мигранттар Йеменге Жибутиден жана Эритреядан деңиз аркылуу жетип, андан ары Сауд Арабиясына же Перс булуңундагы башка өлкөлөргө барууга аракет кылышат.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына караганда, 2024-жылы бул жол менен 60 миңден ашуун мигрант өттү. Бир жыл мурда кайык оодарылып кеткенде 49 киши каза болуп, 140 киши дайынсыз калган.

Аден булуңу Арабия деңизинин түштүк-батыш бөлүгүндө, Арабия жарым аралы менен Африка континентинин ортосунда жайгашкан. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG