Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:00

Алты өлкө биргелешип Газага гумжардам жеткиришти


Газа. 2025-жылдын 1-августу. Парашютка илинген таңгактар учактан түшүрүлүүдө.
Газа. 2025-жылдын 1-августу. Парашютка илинген таңгактар учактан түшүрүлүүдө.

Алты өлкө - Иордания, Египет, Германия, Бириккен Эмирликтер, Франция жана Испания 1-августта Газа секторунун тургундарына жардамды абадан жеткирүү боюнча биргелешкен операциясын ишке ашырышты.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) мындай операцияга Германия, Испания жана Франция өлкөлөрү биринчи жолу катышканын, жалпысынан бул күнү абадан 126 таңгак гуманитардык жардам элге асмандан ташталганын, анклавга жардам жеткирүү ыкмаларын эл аралык коомчулук менен бирге жакшыртуу жолдору караштырылып жатканын маалымдады.

Бул күнү азык-түлүк, балдарга сүт, жалпысынан 57 тонналык жүк жеткирилди.

Гумжардамды учак менен жеткирүүнү Эмираттар жана Иордания 27-июлда, Израил эл аралык басымдан кийин мындай "аба көпүрөсүнө" макул болгон соң башташкан. Ошол эле күндөн тартып Израил Газага БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын гумжардам жүктөлгөн 200дөй оор жүк ташуучу машинасын өткөрдү.

Газага жардамды көзөмөлдөгөн Израил ал жактын эли согуш башталгандан бери гуманитардык жардам менен камсыз болуп келатканын, эч кандай чектөө жок экенин, ачарчылыкка жол берилбегенин айтууда.

29-июлда азык-түлүк коопсуздугуна байкоо салган, 21 уюмдун башын бириктирген платформа Газада “тоё тамактанбаган, ачка калган, ооруга чалдыккан” адамдар кескин көбөйгөнү тууралуу доклад чыгарган. (RK)


Шерине

XS
SM
MD
LG