Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Таласта катуу мөндүрдөн 100дөн ашык дыйкан чыгаша болду, зыян 55 миллион сом деп эсептелди


Социалдык тармактарда тараган видеодон алынган сүрөт.
Социалдык тармактарда тараган видеодон алынган сүрөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги Талас облусуна караштуу Айтматов районунда 28-июлда жааган катуу мөндүрдүн чыгашысы эсептелгенин билдирди. Ага ылайык, 769,5 гектар айдоо аянты жабыркаганы аныкталды.

"Жалпысынан 112 дыйкан чыгашага учурады. Төө буурчак эгилген талаалардагы зыян 54 миллион 648 миң сом, буудайдыкы 71,5 миң сом болду. Жарандык коргонуу комиссиясы акимчиликке жана Шекер айыл өкмөтүнө жабыркагандарга жардам көрсөтүү иштерин уюштурууну тапшырды",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев чыгашага учураган дыйкандар менен жолугуп, жардам берилерин убада кылган, бирок кандай колдоо болорун тактаган эмес.

Катуу мөндүр 28-июлда кечки саат бештер чамасында жааган жана Шекер айыл өкмөтүнө караштуу Арчагүл менен Кайнар айылдарынын ортосундагы талааны талкалап кеткен.

Социалдык тармактарга чоңдугу бармактын башындай болгон мөндүр катуу жааганы, төө буурчак, буудай талаалары кыйрап калганы тартылган видеолор тараган.

Расмий маалыматка ылайык, Айтматов районунда 38 372 гектар айдоо аянт бар жана анын 21 792 гектарына төө бурчак эгилген.


Шерине

XS
SM
MD
LG