Орусиянын Украинанын Запорожье облусуна жасаган соккусунан түзөтүү абагында отурган 16 адам мерт болуп, дагы 35 киши жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Иван Федоров билдирди. Анын сөзүнө караганда орус аскерлери 29-июлга караган түнү бул аймакты фугас авиабомбалары менен бир нече жолу аткылаган.
Федоров Телеграм каналына мекемелердин имараттары, жер тамдар жабыркаганын жазды.
Президенттин кеңсесинин башчысы Адрей Ермак бул окуяны "Орусиянын кезектеги аскердик кылмышы" деп атады.
Расмий Москва Запорожьеге урулган сокку тууралуу маалымат бере элек.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги шейшембиге караган түнү Украинанын 74 дрону атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Негизинен Брянск, Калуга, Смоленск жана Ростов облустары бутага алынганын кабарлады.
Ростов облусунун губернатору Юрий Слесардын билдиришинче, Сальск шаарында бир айдоочу набыт болду, темир жол станциясында өрт чыкты.
Бул станцияда кыймыл убактылуу токтотулду. Маалыматтарга караганда, жүк ташыган поезд өрттөнүп, жүргүнчү ташыган поезддин терезелери сынды.
Согуш маалында мындай билдирүүлөрдү бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Шерине