Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:50

АКШ менен Евробиримдик тарифтердин өлчөмүн 15% деп макулдашты


Дональд Трамп менен Урсула фон дер Ляйен Шотландияда жолуккан.
Дональд Трамп менен Урсула фон дер Ляйен Шотландияда жолуккан.

АКШ менен Европа Биримдигинин лидерлери соода келишимине байланыштуу орток пикир табылганын билдиришти.

Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп ага ылайык, европалык товарларга 15% тариф киргизилерин айтты. Ал Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен Шотландияда өзүнүн гольф-клубунда жолуккан.

Трамп журналисттер үчүн өткөргөн басма сөз жыйынында Европа Биримдигинен келген товарларга салынган тариф 15 проценттен кем болбой турганын белгиледи. Ошондой эле бул биримдикке мүчө мамлекеттер алдыдагы төрт жылдын ичинде АКШдан жалпы баасы 750 миллиард доллар болгон аскердик техника жана электр энергиясына керектүү товарларды сатып аларын айтты.

Маалымат агенттиктери Урсула фон дер Ляйен тараптар ийгиликтүү келишимге жетишкенин билдиргенин жазышты.

Европадан АКШга келген товарлардын көлөмү бул аймакка импорттолгон америкалык товарлардын көлөмүнөн кыйла көп. Расмий маалыматка ылайык, былтыр Европадан АКШга экспорт 606 миллиард доллар, ал эми импорт 370 долларды түзгөн. Трамп мындай дефицитти олуттуу көйгөй деп сыпаттаган.

Кошмо Штаттарынын президенти буга чейин эгер тараптар орток пикир таба албай калса 1-августтан тартып европалык товарларга 30% тариф киргизерин айтып келген.

Трамп 5-апрелден тартып АКШнын дээрлик бардык соода өнөктөштөрүнө жаңы бажы төлөмдөрүн киргизерин жарыялаган. Бирок көп өтпөй, 9-апрелде 75тен ашык өлкөгө бажы төлөмдөрүн киргизүүнү 90 күнгө жылдырганын жарыялаган.

Кытайга бажы төлөмдөрүн 125% чейин көтөргөн. Буга расмий Бээжин жооп кылып, АКШдан импорттолуучу товарларга бажы төлөмдөрүн 125% чейин жогорулатарын кабарлаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG