Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:12

Мамдума мигрант балдарга тиешелүү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды


Орусияда жашаган мигрант балдар
Орусияда жашаган мигрант балдар

Мамлекеттик дума билим берүү боюнча жергиликтүү мекемелерди Ички иштер министрлигине мигранттардын балдары тууралуу маалымат берип турууга милдеттендирген мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Документ орус парламентинин төмөнкү палатасына апрелде берилип, депутаттар июнда биринчи окууда жактырган.

Түзөтүүлөр чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү бир катар мыйзамдарга киргизилмекчи.

Аларга ылайык, мигранттардын баласы жана ата-энеси, орус тилинен экзамендин жыйынтыгы, окуу жайга алынганы же чыгарылганы, көзөмөлгө алынган чет өлкөлүк жарандардын билим берүү уюмдарына кайрылуусу тууралуу маалымат министрликке берилүүгө тийиш.

ИИМ өз кезегинде мигранттардын балдарынын миграциялык каттоого алынганы жөнүндө маалымат менен бөлүшүп турат.

Мындан тышкары сөз болгон мыйзам долбоору чет элдик жарандардын орус тилинен тапшырган тестинин жыйынтыгын бирдиктүү федералдык системага киргизүүнү сунуш кылат.

Былтыр Орусияда кабыл алынган мыйзамга ылайык, мигранттардын балдарын тил экзаменин тапшырбастан мектепке алууга болбойт.

Апрелде Орусиянын Рособрнадзор мекемеси мигранттардын балдары үчүн орус тилинен экзамендин талаптарын күчөткөн. Эми мектепке кириш үчүн бала берилген суроолордун 90% туура жооп бериши керек.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Орус бийлиги кол салуу үчүн шектүү деп тажик тектүү жарандарды атаган.

Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдар кабыл алынып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.


Шерине

XS
SM
MD
LG