Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Якутияда шахтерлорду ташыган автобус кулап, үч кыргыз жараны мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Якутияда шахтерлорду ташып бараткан автобус жардан кулап, 13 адам, анын ичинде үч кыргызстандык мерт болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) билдиришинче, окуя 21-июлга караган түнү Нерюнгри районунда болгон. “Чыгыш Денисовкий” шахтасынын жумушчуларын ташып бараткан автобус кырсыктаган.

"Набыт болгондордун арасында кыргызстандык 44, 34 жана 25 жаштагы жарандар болгону аныкталды. Алардын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө аракеттер көрүлүп жатат",-деп жазылган маалыматта.

Якутиядан жергиликтүү басылмалар автобуста 33 адам болгонун, эки адам оор абалда экенин, набыт болгондордун арасында айдоочу дагы бар экенин жазышты. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, Нерюнгри районунда 22-июлда аза күтүү күнү жарыяланды.

ТИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG