Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:11

Трамп БАЭдеги ооган качкындарына жардам убада кылды


"Талибан" бийликке келгенден кийин Бириккен Араб Эмираттарына миңдеген ооган жарандары башкалка издеп барган.
"Талибан" бийликке келгенден кийин Бириккен Араб Эмираттарына миңдеген ооган жарандары башкалка издеп барган.

АКШнын президенти Дональд Трамп "Талибан" кыймылы бийликке келгенден кийин Ооганстандан качып Бириккен Араб Эмираттарын (БАЭ) башкалкалап жаткан качкындарга жардам убада кылды.

Бул өлкөгө ооган тектүү америкалык аскерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, АКШдагы ата-энелери менен чогуу болууну күтүп жаткан балдар, туугандары жана убагында Кошмо Штаттары менен кызматташкан он миңдеген адамдар барган.

Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына “мен аларды куткарып калганга аракет кылам жана муну азыр эле баштайм”,-деп жазды. Ал ошондой эле Just the News порталынын макаласын кошо тиркеди.

Бул материалда БАЭнин бийлиги айрым ооган качкындарын "Талибандын" өкүлдөрүнө өткөрүп бергени жатканы тууралуу сөз болгон. Reuters агенттиги бул маалымат расмий бышыктала электигин билдирди. АКШнын Мамлекеттик департаменти дагы азырынча комментарий бере элек.

БАЭ АКШнын коопсуздук жаатындагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири жана 2021-жылы Кабулдан эвакуация болгон бир канча миң ооган качкыны убактылуу башкалкалап турушуна макул болгон. Жо Байден президент болуп турганда анын администрациясы АКШга 200 миңдей ооган жараны алынып келгенин билдирген.

2022-жылы Канада Вашингтондун өтүнүчү менен БАЭнин качкындар лагеринен миңдей жаранды алып кеткен.

Учурда мындай жайларда дагы канча ооган качкыны калганы тууралуу так маалымат жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG