Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Кая Каллас Орусияга берилген 50 күндүк мөөнөт "өтө узак" экенин айтты


Кая Каллас.
Кая Каллас.

Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас АКШнын Орусияга карата катаал позицияга өткөнүн кубаттады, бирок расмий Москвага берилген 50 күндүк мөөнөттү "өтө узак" деп баалады.

"Президент Трамп Орусияга карата катаал мамилеге өткөнүн оң бааласа болот. Бирок экинчи жагынан, алар күн сайын бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жатканын эске алганда 50 күн деген өтө узак мөөнөт", - деди Каллас журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Ал арада Трамп Би-би-синин Түндүк Америкадагы кабарчысына курган маегинде Путинден "көңүлү калганы менен ага биротоло чекит кое электигин, орус президенти менен мамилени биротоло үзүп коюуга даяр эместигин" айткан.

"Мен биз ал экөөбүз макулдашсак керек деп төрт жолу ойлодум. Бирок үйгө келсең эле ал Киевддеги төрөткананы бомбалап салганын, же ушул сыяктуу бир иштерди жасаганын көрөсүң. Мен анан өзүмө "шайтан алгырдыкы, мунусу эми эмне?" дедим", - деген Трамп.

Андан кабарчы Путинге ишенип-ишенбесин сураганда, АКШнын президенти эч кимге ишенбесин айткан.

Мунун алдында Трамп Орусия 50 күндүн ичинде Украинадагы урушту токтотуу үчүн макулдашууга көнбөсө, Москва жана анын соода өнөктөштөрү "өтө катаал" бажы тарифтерине кабыларын эскерткен. Ал бул тууралуу 14-июлда НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Ак үйдө жолукканда айткан. АКШнын президенти тарифтер 100% чейин көтөрүлүшү ыктымал экенин белгилеген.

АКШ Сенатында ушул тапта Орусиянын энергетикалык ресурстарын сатып алган соода өнөктөштөрүнө төлөмдөрдү 500% чейин көтөрүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Трамп ошондой эле Киевге абадан коргонуучу 17 Patriot системасы жөнөтүлөрүн, мындай курал-жарак "тез арада" майданга жеткирилерин да айткан. Ачык маалыматтарга ылайык, учурда Украинада мындай жети комплекс бар.

АКШнын президенти соңку билдирүүлөрүндө Орусиянын президенти Владимир Путинди кескин сындап келет.

Москва ок атышууну токтотуп, тынчтыкка жетүү үчүн өз шарттарын коюп, анын ичинде Украинанын төрт облусунан украин армиясынын чыгып кетишин талап кылган. Киев Кремлдин шарттарын кескин четке каккан.

Трамптын соңку билдирүүлөрүнө расмий Москва комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG