Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Украина менен согушта 118 миң орусиялык жана чет элдик набыт болгону жарыяланды


Украинанын Донбасс аймагында набыт болгон орус жоокерлериннин мүрзөсү, 2024-жыл
Украинанын Донбасс аймагында набыт болгон орус жоокерлериннин мүрзөсү, 2024-жыл

2022-жылы февралда Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан бери майданда 118 139 орусиялык аскер набыт болду. Алардын 523ү орус паспорту жок, 28 өлкөнүн жарандары болгон. Бул тууралуу Би-би-си, "Медиазона" жана ыктыярчылар тобу ачык булактарга таянып, жарыялаган баяндамада белгиленет.

Согушта өлгөн чет элдиктердин көбү 72 киши - Тажикстандын, 66 - Өзбекстандын жараны. Алардын көбү "Вагнер" менчик аскердик компаниясы менен Орусиянын түрмөлөрүндө отурган жеринен келишим түзгөндөр.

2023-жылдан тарта абактагыларды согушка тартуу менен Орусиянын Коргоо министрлиги алектенет. Укук коргоочулардын эсебинде мигранттар Орусиянын "кара тизмесинен" чыгуу же орус паспортун тездетилген шартта алуу үчүн согушка азгырылат.

Согушта өлгөн чет элдиктердин арасында Непалдын, Грузиянын 60тан ашуун жараны, негизинен жикчил Түштүк Осетия менен Абхазиянын тургундары бар. 2022-жылга чейин Киев көзөмөлдөгөн аймактарда жашаган 54 украин жараны каза тапкан.

Орусия тарапта согушкан аннексияланган Крымдын жана оккупацияланган Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын аймактарынын тургундары өзүнчө эсепке алынган.

Тизмеде ошондой эле АКШнын Башкы чалгын башкармалыгынын жетекчи орун басарынын уулу, америкалык Майкл Глосс да бар. Ал орус армиясы менен келишимге 2023-жылы сентябрда кол коюп, 2024-жылы апрелде набыт болгон.

Сеулдун эсебине караганда Орусия тарапта согушкан Түндүк Кореянын 600гө чукул жоокери майданда өлгөн болушу ыктымал. Алардын-тек жайын билүү азырынча мүмкүн эмес.

Баяндамада украин тараптын же Батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтарынын маалыматтары колдонулган эмес. Андыктан Украина менен согушта өлгөн орусиялык жана чет элдик жоокерлердин саны мындан алда канча көп.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио орусиялык кызматташы Сергей Лавров менен жолуккандан кийин Орусия согушта 100 миңден ашуун кишисин жоготконун айткан. Рубио Украинанын жоготуусу мындан аз болгону менен "абдан олуттуу" деп сыпаттаган.

Москва менен Киев согуштагы жоготуулары тууралуу расмий билдирбейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG