Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Сребреницадагы геноцидге 30 жыл болду


Сребреница шаарчасынын жанындагы Потокари кыштагында 30 жыл мурдагы кыргында курман болгон жакындарын эскергендер, 11-июль 2025-жыл.
Сребреница шаарчасынын жанындагы Потокари кыштагында 30 жыл мурдагы кыргында курман болгон жакындарын эскергендер, 11-июль 2025-жыл.

Босния жана Герцеговинада 30 жыл мурдагы эл аралык коомчулук геноцид деп тааныган Сребреница кыргынынын курмандыктары эскерилүүдө. 11-июлда Потокари мемориалдык борборуна жүздөгөн адамдар жана чет өлкөлүк делегациялар чогулду.

Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен өз билдирүүсүндө Сребреницада 30 жыл мурда болгон кыргынды “Европанын коллективдүү эс тутумундагы кара так” деп мүнөздөдү.

Нидерланддын тышкы иштер министри Каспар Велдкамп миңдеген адамдардын өлтүрүлүшүн алдын ала албаганы үчүн өз өлкөсүнүн “моралдык жана саясий жоопкерлиги” бар экенин билдирди.

Сербиянын президенти Александр Вучич “геноцид” деген сөздү колдонбосо да 30 жыл мурда Сребреницада “үрөй учурган кылмыш” болгонун социалдык тармактагы баракчасына жазып, кыргында жакынын жоготкон босниялыктарга көңүл айтты.

Сребреница кыргыны 1992-1995-жылдардагы Босния согушу аяктап бара жаткан учурда болгон. 1995-жылдын 11-июлунан кийинки бир нече күн ичинде Сребреница шаарчасынын жака белинде босниялык сербдер 8000дей босниялык мусулман эркектерди жана балдарды өлтүргөн. Ага чейин босниялык мусулмандар көзөмөлдөп келген Сребреницаны Бириккен Улуттар Уюму «коопсуз аймак» деп белгилеген. Бирок БУУнун атынан иш алып барган нидерланддык бейпилдик күчтөрү босниялык сербдердин аймакка кирип барышына тоскоол боло алышкан эмес.

Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналы Сребреницадагы кыргынды геноцид деп тааныган. Бул кылмыштар үчүн 54 киши жоопко тартылып, жалпысынан 781 жыл түрмөгө кесилген. Эл аралык трибунал босниялык сербдердин кол башчысы Ратко Младичти жана мурдагы саясий лидер Радован Каражичти өмүр бою абакка кескен.

Айрым сербиялык саясатчылар жана босниялык сербдердин өкүлдөрү Сребреницада геноцид болгонун четке кагып келишет. 8-июлда босниялык мусулман саясатчы, Босния жана Герцеговинадагы жогорку аткаруу бийлиги саналган үчилтик президиумдун мүчөсү Денис Бечирович Бириккен Улуттар Уюмунда сөз сүйлөп, серб коомчулугундагы Сребреница геноцидин четке каккан билдирүүлөрдү “кабыл алынгыс” деп мүнөздөдү.

Шерине

XS
SM
MD
LG