Президент Садыр Жапаров 11-июлда "Укук бузуулар жөнүндөгү" кодекске өзгөртүү киргизүү мыйзамына кол койду. Ага ылайык, бул документ 1093-берене менен толукталды.
Бул беренеде жалган маалымат таратууга айыптуу деп табылган жарандарга 20 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу каралган.
"Жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернетти пайдалануу менен коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузууга алып келген анык эмес (жалган) маалыматтарды таратса, эгер бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса, анда айып пул салынат. Өзгөртүүлөргө ылайык, жогорудагы берене боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдорду ички иштер органдары түзөт, иш сотто каралат", - деп жазылган президенттик администрация тараткан маалыматта.
Буга чейин "Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүү киргизилип, 1071-берене кошулган. Анда кайсы бир адамды “мазактоого, кадыр-баркын кемсинтүүгө” же “жалаа жабууга, ал жөнүндө жалган маалыматтарды билип туруп таратууга” тыюу салынып, ага айып пул каралган. Бул мыйзамга Садыр Жапаров ушул жылдын башында кол койгон.
Кыргызстанда медиа жана журналисттерге байланыштуу кабыл алынган мыйзамдардан улам бул документтер сөз эркиндиги, медиа каражаттарынын ишмердигин чектейт, куугунтуктоого курал болот деген кооптонуулар айтылып келет.
Мындан улам бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар өлкө бийлигине кайрылууларды жолдошкон. Кыргыз бийлиги сунушталган мыйзамдарды тармакты иретке салуу аракети деп сыпаттап жүрөт.
Шерине