Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:33

Трамп Путин "болбогон кептерди көп айтканын" белгилеп, Москвага санкция салынышы мүмкүн экенин айтты


АКШ президенти Дональд Трамп шейшембиде өзүнүн иш бөлмөсүндө өткөн жыйында Орусиянын президенти Владимир Путинге нааразы экенин айтып, Орусия Украинадагы согушун токтотуу ниети жок болгону үчүн бул мамлекетке кошумча санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.

Трамптын айтымында, Путин “аларга болбогон сөздөрдү айткан”. АКШ президенти Путин ага сыпайы мамиле кыларын жана көтпөгөн адамдар каза болуп жаткан чакта мындай мамиленин “эч кандай мааниси жоктугун” айтты.

Орусиянын акыркы аракеттерине кандайча жооп кайтарары тууралуу суроого жооп берип жатып, АКШ президенти "чакан сюрприз" болушу мүмкүн экенин билдирди. Ал Орусияга каршы жаңы санкциялар боюнча мыйзам долбоорун караштырып жатканын айтты - бул документти сенаторлор тобу иштеп чыккан. Трамптын айтымында, анын кабыл алынышы өзүнүн бул мыйзам боюнча пикирине жараша болот.

Президент АКШнын Украинага курал жеткирүүдөгү ролун дагы бир жолу белгилеп, Киев көптөр божомолдогондой 3-4 күндө согушта утулуп калбаганына дал ушул америкалык курал себеп болду деген пикирин билдирди.

Трамптын жакында Украинага коргонуу максатындагы жаңы курал-жарак жеткирүүнү жандандырууну колдогонун белгилеп, буга “Путин адамдарга туура эмес мамиле кылууда. Ал өтө эле көп адамдарды өлтүрүп жатат” деп түшүндүрмө берди.

Бул билдирүүлөр Пентагондун АКШ Украинага кошумча курал-жарак жөнөтүп жатканы тууралуу маалымат чыкканда айтылды. Пентагон “Биз туруктуу тынчтыкка жетишүүгө жана кан төгүүнү токтотууга далалат кылып жаткан учурда, украиналыктардын өзүн-өзү коргоо жөндөмүн камсыздоо максатында кошумча курал жөнөтүлүүдө” деген билдирүү тараткан.

Axios басылмасы шейшембиде Дональд Трамптын администрациясындагы булактарына таянып жазгандай, Ак үй украин президенти Владимир Зеленскийге Patriot абадан коргонуу системалары үчүн 10 ракетаны Киевге тезинен жөнөтүүнү убадалаган. Бул тууралуу өткөн аптада Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүндө айтылганы кабарланган. Ошондой эле Вашингтон Patriot системаларын Германиядан сатып алмай болгонун жана аны Украинага жөнөтөрү ырасталды.

  • Июль айынын башында Вашингтон Patriot системаларын жана башка бир катар курал-жарактарды берүүнү токтоткон. Мындай чечим Киевди тынчсыздандырган.
  • Трамп 2025-жылы январда Ак үйгө кайтып келгенден кийин Украинадагы согушту тез арада токтотууга аракет кыларын кайталаган. Трамптын администрациясы Орусия жана Украина менен сүйлөшүп, ок атышууну токтотуу жолун издеген. Куралдуу кагылышуулар улантып жаткан шартта, буга чейин өзүн Путин менен жакшы мамиледе экенин айткан Трамп Орусиянын лидерин да, Украинанын президенти Владимир Зеленскийди да сындай баштады. Шейшемби күнү жасалган билдирүүлөр Трамптын Путинге айткан эң катуу сөздөрүнүн бири болуп калды. Бир нече күн мурда АКШ менен Орусиянын президенттери телефондон сүйлөшкөн, бирок бул сүйлөшүүдөн кийин Трамп согушту токтотуу боюнча эч кандай жылыш болбогонун билдирген.



Шерине

XS
SM
MD
LG