Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Батыш автобекети баш болгон 34 гектар жер жеке компанияга 49 жылга берилди


Батыш автобекети. Архив. 30.10.2024
Батыш автобекети. Архив. 30.10.2024

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, “Инвест Кей Джи Холдинг” ишканасына турак жай жана коммерциялык имараттарды куруу, реконструкциялоо, көрктөндүрүү жана инвестиция салуу боюнча комплекстүү долбоорду ишке ашыруу үчүн Бишкек шаарынан бир нече жер тилкеси 49 жылга ижарага берилди.

Жеке менчик ишканага Бишкектеги Ростов 19 б дарегинде жайгашкан 1,7 гектар, Ала-Арча 74а көчөсүндөгү 2,93 гектар, Чимкент 1 көчөсүндөгү 2,2 гектар (Батыш автобекети), “Жаштар” жана “Октябрдын 40 жылдыгы” сейил багынын жанындагы 27 гектар жер аянты берилди.

Жалпы 34 гектар жерди ижарага алган “Инвест Кей Джи Холдинг” компаниясы “Тазалык” муниципалдык ишканасына административдик жана андан сырткары эки имарат куруп бериши керек. Батыш автовокзалынын имаратын ижарага берүү, жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү жана объекттерди куруу укугу менен ретроавтомобилдер музейин уюштуруу каралган. “Жаштар” жана “Октябрдын 40 жылдыгы” сейил бактарын реконструкциялоону жана көрктөндүрүшү керек. Батыш автовокзалынын маңдайындагы Жибек-Жолу проспектиндеги жер астындагы өтмөктү оңдоп, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү каралган.

Жер участоктору үчүн 10 жылдык ижара акысы алдын ала төлөнөт. Ростов жана Ала-Арча көчөлөрүндөгү объекттердин курулушу аяктап, пайдаланууга берилгенден кийин, алардын жалпы аянтынын 10 пайызы Бишкек мэриясына өткөрүлүп берилет же болбосо ошол 10 пайызга барабар сумма борбордун бюджетине которулат. Калган объекттер 'Инвест Кей Джи Холдингдин' менчиги болуп калат.

“Инвест Кей Джи Холдинг” компания ачык булактарда 2025-жылдын 27-январында түзүлгөнү жазылган. Анын жетекчиси Янковская Оксана Игоревна, негиздөөчү Губарев Алексей жана INVEST KG HOLDING LIMITED компаниясы экени көрсөтүлгөн. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG