Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Украина 50дөн ашуун дрон чабуулуна кабылганын билдирди


Архив сүрөт.
Архив сүрөт.

Орусия өткөн түнү Украинанын аймагына төрт С-300/400 зениттик ракета жана 54 дрон менен сокку урганын украиналык Абадан коргонуу күчтөрү билдирди.

Маалыматка караганда, саат 8:00гө карата 34 дрон “зыянсыздандырылган”, алардын 26сы атып түшүрүлсө, сегизи радио электрондук жактан блоктолгон.

“Душмандын соккуларынан беш дрон бутага тийгени катталды”, - деп жазылган билдирүүдө.

Орусиянын Коргоо мниистрлиги шейшембинин таңында өткөн түнү Белгород облусунун аймагында үч украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Орусиялык байкоо салган каналдар түнү эки же үч облустун аймагында дрондор учканын жазышты, Орусиянын Авиация кызматы Пермь аэропорту эки жарым сааттай жабык болгонун билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG