Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик 7-июлда Балыкчы шаарынын мэриясында пландан тышкары жыйын өткөрдү.
Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Кеңешмеде мамлекеттик кызматтын ишин жакшыртуу, кызматтык этика, жүрүм-турум кодекси, кесиптик морал жана кызматкерлердин ортосундагы өз ара мамиле боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү.
36 жаштагы Султан Кермалиев Балыкчы шаарынын мэри болуп президент Садыр Жапаровдун 2-июлдагы жарлыгы менен дайындалган. Керималиев мэр болуп дайындалгандан кийинки "СерепТВ" телеканалына курган маеги интернетте талкуу жараткан. Соцтармак колдонуучулары анын эфирде өзүн алып отурганын, кийимин жана орусча аралаштырып сүйлөгөнүн сындашкан.
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде Балыкчы шаарынын мэри тууралуу интернетте жүрүп жаткан талкууларга комментарий берип, Султан Кермалиев этиканы сактабаганын айткан. (TSh)
Шерине