Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:07

Транспорт министри Нарында жол куруудагы көйгөйдү атады


Нарын шаарындагы Ленин көчөсү.
Нарын шаарындагы Ленин көчөсү.

Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев Фейсбуктагы баракчасында Нарында оңдолуп жаткан жол жөнүндө маалымат берди. Министр курулушту жасап жаткан ишкана техника, жумушчуларын көбөйткөнүн жана белгиленген мөөнөтүндө бүтөрүн билдирди.

“Шералиев жана Ленин көчөсүн өз мөөнөтүндө бүтүрүп, пайдаланууга беребиз. Шералиев көчөсүн 1-августта тапшырабыз. Андан кийинки көйгөй Нарын-Баетов жолу. Жалпы узундугу 120 чакырым. Биз план кылган 46 чакырымын жылдын аягында пайдаланууга беребиз. Негизги маселе Нарын районунда буга чейин асфальт заводу жок болгон. Ошонун негизинде Нарын шаарынын жолдору, Нарын-Баетов жолдору бүтпөй келген. Азыр ал жерге үч завод курулду. Анын экөө азыр иштеп жатат”, - деди министр.

Июнь айынын аягында Нарын шаарынын тургундары калаанын көйгөйүн ырга салып, жыйынтыгында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарынга барып, жыйын өткөргөн. Анда Ленин жана Шералиев көчөсүн оңдоп жаткан “Бета Групп” ишканасын кескин сындаган болчу.

Ага чейин “Азаттык” Жалпы баасы 844 млн. сомго бааланган Ленин жана Шералиев көчөсүн “Бета Групп” деген компания салып жатканын, аталган ишкана Бишкек шаардык мэриясынын “кара тизмесине” илинген жана жетекчиси эки жолу камалып чыкканын иликтеген. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG