Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:52

Кыргыз-орус билим берүү мейкиндиги боюнча жумушчу топтун курамына Илан Шор да кирди


"Евразия" уюму тараткан сүрөт
"Евразия" уюму тараткан сүрөт

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилди.

Орусиянын “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму билдиргендей, анын тизмесине “Евразиянын” камкордук кеңешинин мүчөсү, Молдовада 15 жылга соттолгон, коррупциялык иштерде аты аталган Илан Шор да киргени белгилүү болду.

Жумушчу топтун жыйынында мектепке чейин орус тилин окутуу, бул тилде билим берген мугалимдерди колдоо жана келечектеги педагогдорду даярдоо багытында программа иштеп чыгууну талкуулашкан.

“Сөз орус тилинен сабак берген сыяктуу эле математика, химия жана башка предметтерди орус тилинде окутуу жөнүндө болууда”, - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Мындан тышкары тарыхты окутууда “кыргызстандык жана орусиялык окуу куралдарындагы карама-каршылыктарды жоюп, эки өлкөнүн тарыхый жана маданий орток багытын сактап калуу боюнча” да жумуштар жасалары жазылган.

“Биздин билим берүү системабыз башынан эле орус тили менен тыгыз байланышкан баалуулуктарга таянып түзүлгөн. Өлкөдөгү бардык мектептер мамлекеттик жана расмий тилде сабак берилип, алыскы аймактагы балдар да баштапкы билимди орус тилинде алганы үчүн бул тилде эркин сүйлөшөт”, - деген Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев.

Жумушчу топто жалпысынан 12 киши бар. Орусия өкмөтү тараптан агартуу министри Сергей Кварцов, тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, илим жана жогорку билим министринин орун басары Константин Могилевский, кыргыз өкмөтүнөн Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, илим, жогорку билим жана инновация министри Бактияр Орозов, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, санарип өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары Нурсултан Кубанов, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев кирген.

Мындан тышкары “Евразиянын” жетекчиси, Мамлекеттик думанын депутаты Алена Аршинова, Russia Today басылмасынын жана “Россия сегодня” медиагруппасынын редактору жана “Евразия” уюмунун камкордук кеңешинин мүчөсү Маргарита Симоньян, “Евразиянын” аткаруучу директору Евгений Азизов жана уюмдун камкордук кеңешинин дагы бир мүчөсү Илан Шор да курамга кошулган.

Илан Шор Молдовада 15 жылга соттолгон, кийин орус жарандыгын алган олигарх катары таанымал. Анын ысымы банк иштериндеги акча адалдоо жана коррупциялык иштерде айтылып жүрөт. 2014-жылы Молдованын үч банкынан жоголгон 1 млрд доллар каражат уурдоо схемасынын катышуучусу катары белгилүү.

Молдовадагы кылмыш иштеринен улам 2019-жылы Израилге барган. Былтыр орус жарандыгын алып, Орусияга көчүп келген.

Орусия менен Кыргызстандын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча сунушту президент Садыр Жапаров демилгелегенин Данияр Амангелдиев өткөн айда Петербург экономикалык саммитинде жарыялаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG