Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Ноокаттагы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы камалды


Kyrgyzstan - Osh region - Nookat - Nookat road - Osh - Batken -
Kyrgyzstan - Osh region - Nookat - Nookat road - Osh - Batken -

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 3-июлда Ноокат районундагы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш. Г. уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелип кармалды.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал "Женго" каймана аты менен белгилүү К. Досонов жетектеген уюшкан кылмыштуу топ менен көптөн бери кызматташкандыгы тууралуу "далилдүү фактылар алынган".

Маалыматка ылайык, 2008-2021-жылдар аралыгында Ш. Г. коррупциялык иштерди жүргүзүүгө макулдук алып, кылмыштуу топко туруктуу каржылык колдоо көрсөтүп турган. Ошондой эле мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү, өзгөчө ири өлчөмдөгү каражаттарды чыгарып кетүү боюнча маалыматтар такталган.

Натыйжада Ш. Г. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Уюшкан кылмыштуу топтор менен кызматташкан, каржылаган деген жүйө менен бир катар ишкерлер, мурдагы жана иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлер кармалып, камакка алынган. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG