Армениянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Еревандагы элчиси Сергей Копыркинди чакырып, нааразылык нотасын тапшырды. Армян тарап ырастагандай, буга орусиялык телеканалдардан кастык маанидеги билдирүүлөр жана армян бийлигинин дарегине карата чабуулдар негиз берген.
Армения ТИМинин билдирүүсүндө орусиялык ЖМКларда өкмөттүн дарегине "кастык пропаганда" жүрүп, бул орусиялык аткаминерлердин, депутаттардын жана эксперттердин комментарийлери менен коштолуп жатканы айтылган.
Ереван мындай билдирүүлөрдү туура эмес деп атап, булар эки тараптуу байланыштын жакшы жыйынтыктарын жокко чыгарат деп эсептейт.
"Бул билдирүүлөргө ылайык, мамлекеттик төңкөрүш жасоону көздөгөн адамдарды камоо "Армениянын өкмөт башчысы Пашиняндын кезектеги кастык кадамы" катары сыпатталууда. Албетте, мындай билдирүүлөр абсурд, негизсиз гана эмес, мамлекеттик төңкөрүштүн алдын алуу эмнеге кастык кадамы катары бааланганы түшүнүксүз, ошол эле учурда Армениянын ички саясатына орой кийлигишүү", - деп билдирди армян тышкы саясат мекемесинин өкүлү Ани Бадалян.
Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова РБК телеканалына комментарий берип жатып, нотада орусиялык саясатчылар менен коомдук ишмерлердин "дин ишеними эркиндигин колдоо үчүн" цитаталары бардыгын, булар Никол Пашиняндын өкмөтүнө жакпай калганын айтты.
Быйыл июнда Армениянын бийлиги 2024-жылкы нааразылык акциялары учурунда түзүлгөн "Ыйык күрөш" кыймылынын төңкөрүш жасоо аракети жокко чыгарылганын кабарлаган. Кыймылдын лидери, Армян апостол чиркөөсүнүн епискобу Баграт Галстанян жана анын бир катар тарапташтары камакка алынган. Мындан улам нааразылык акциялары жана полиция менен кагылышуулар болгон.
Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян орусиялык аткаминерлерди өлкөсүнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырган. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Москванын андай ниети жоктугун айтып, бирок ошол эле учурда Орусиядагы миллиондогон армяндар кырдаалга көз салып турганын эскерткен.
Шерине