АКШнын президенти Дональд Трамп Иран колдогон ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) радикал тобунун согушерлерин Газада ок атышууну 60 күнгө токтотуу тууралуу "акыркы сунушту" кабыл алууга чакырды.
"Жакынкы Чыгыштагы бейпилдик үчүн ХАМАС бул сунушту кабыл алат деп үмүттөнөм. Андай болбосо ЖАГДАЙ ЖАМАН ЖАГЫНА КЕТЕТ", - деп америкалык лидер Truth Social платформасына жазды.
Трамп Израил 60 күнгө ок атышпоого көнгөнүн белгилеп, ал учурда "согушту токтотуу үчүн бардык тараптар менен иштешип жатабыз" деди.
Америкалык лидер Катардын жана Египеттин өкүлдөрү ХАМАС тобуна сунушту жеткиргенин кошумчалады. Ага чейин Газадагы кырдаалды жөндөө максатында Израилдин расмий аткаминерлери жана өкүлдөрү менен "узак жана жемиштүү" жолугушуу болгонун кошумчалады.
1-июлда АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана вице-президент Жей Ди Вэнс Израилдин премьер-министринин улук кеңешчиси Рон Дермер менен Вашингтондо жолукту.
Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Левитт президент Трамп жана анын администрациясы Израилдин жетекчилиги менен такай байланышта болуп, Газадагы согушту токтотуу артыкчылыктуу маселенин бири экенин 30-июнда айтты.
Вашингтондун сунушу Газада согушкерлердин барымтасында турган туткундарды Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиндерге айырбаштоону да камтыйт.
Мурдарак Трамп Газада ок атышууну токтотуу жана туткундарды айырбаштоо кийинки аптада ишке ашуусу ыктымал экенин билдирген. 7-июлда америкалык лидер Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху менен жолугат.
Трамп быйыл январда кызматка киришкени Нетаньяху менен үчүнчү ирет жолугат.
Израилдин Газадагы чабуулдары ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин аймагына кол салып, миңден ашуун кишини өлтүрүп, жайкын тургундарды барымтага алып кеткенден кийин башталган.
Андан бери Газада Израилдин аба чабуулдарынан жана жердеги операцияларынан оң миңдеген адамдын өмүрү кыйылды.
Жалпысынан Газада ок атышуу бир нече айга токтогону менен согушту толук аягына чыгаруу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыкпай келет.
Шерине