Бакунун соту "Sputnik Азербайжан" басылмасынын жетекчиси Игорь Картавыхты жана башкы редактору Евгений Белоусовду төрт айга камакка алуу чечимин чыгарганын азербайжандык APA агенттиги жазды.
Буга чейин полиция кызматкерлери "Sputnik Азербайжанды” тинтүүгө алган учурда жети киши кармалган. Агенттиктин маалыматында, аларга бейбаштык, мыйзамсыз ишкердик кылуу жана кылмыштуу жол менен алынган мүлктөрдү легалдаштыруу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Russia Today медиагруппасынын башкы редактору Маргарита Симоньян бул айыптоону “ойдон токулган” деп мүнөздөдү.
Февраль айында Азербайжандын Тышкы иштер министринин өкүлү Айхан Хажызаде “Sputnik Азербайжандын” жабылганын, медиа бир кабарчысына аккредитация алып иштей аларын билдирген. Азербайжандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, басылманын аккредитациясы токтотулган, ага карабай редакция “мыйзамсыз каржылоонун арты менен” ишин улантып келген.
Азербайжан менен Орусиянын мамилеси 27-июнда Екатерингбурда 50дөн ашык азери тектүү жарандардын кармалышынан кийин чыңалган. Анда эки киши каза болуп, дагы эки адам рейд маалында оор жараат алган. Баку бул үчүн күнөөлүүлөрдү таап, жазалоону талап кылган.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кармоолор оор кылмышты тергөөнүн алкагында болгонун, кырдаал козөмөлдө экенин билдирди. Мекеменин өкүлү Мария Захарова сөз 2001, 2010 жана 2011-жылдардагы киши өлтүрүү фактыларына байланыштуу экенин белгилеген.
Шерине