Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:30

Орусия 15 европалык медианын сайтын бөгөттөдү


Орусиянын Тышкы иштер министрлиги.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерге тиешелүү 15 маалымат каражатынын сайттарын бөгөттөгөнүн билдирди. 30-июнда жарыяланган расмий маалыматта Орусиянын аймагында чектөөгө туш болгон европалык басылмалардын аталыштары жазылган эмес.

Орус бийлиги бул чечимди Евробиримдиктин Москваны бутага алган санкцияларынын 16-пакетине жооп деп сыпаттады. Быйыл февраль айында бекитилген санкцияларга ылайык, Европа Биримдиги орусиялык Eurasia Daily, Fondsk, Lenta, News Front, Rubaltic, South Front медиа каражаттарынын, Стратегиялык маданият фондунун жана “Кызыл жылдыз” басылмасынын сайттарына чектөө койгон.

“Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарына багытталган тыюуга жана негизсиз чектөөлөргө, андан тышкары саясий мүнөздөгү куугунтуктун башка формаларына орус тарап тиешелүү жооп берери расмий Брюсселге жана Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин борборлоруна эскертилген”, - деп айтылат Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Евробиримдик февралдагы чечими менен орусиялык басылмалардан тышкары кошумча 48 кишини “кара тизмеге” киргизген. Алардын арасында орусиялык алып баруучу жана медиаменежер Тина Канделакинин күйөөсү Василий Бровко, куудул Михаил Галустян, журналист Руслан Осташко да бар.

Ошондой эле расмий Брюссел орус армиясына жардам көрсөткөнү үчүн 74 кемени, 13 банкты жана 53 компанияны санкциялык тизмеге кошкон. Мындан тышкары PlayStation жана Xbox оюн платформаларынын жабдыктарынын Орусияга экспорттого да чектөө койгон. Адистер бул жабдыктардын жардамы менен орус армиясы дрондорду башкарып жатканын айтып жүрүшөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG