30-июнга караган түнү Орусия Украинанын аймактарына баш-аягы 107 дрон учурду. Алардын 74ү атып түшүрүлгөнүн Украинанын армиясы дүйшөмбүдө билдирди.
Дрон чабуулдарынан улам Харьков облусундагы Песочин кыштагында сегиз киши жараат алды. Алардын арасында бир өспүрүм бар. Дергачи шаарында жеке компаниянын кампасы жана айыл чарба ишканасынын имараты күйүп кетти. Курортное айылында санаторийдин имаратында өрт чыкты.
Мындан тышкары Днепропетровск облусунун бир нече районунда жергиликтүү ишканаларга, турак-жайларга зыян келди. Дүйшөмбүнүн таңында Кривой Рог да алыстан башкарылган дрондордун чабуулуна туш болуп, андан кеминде үч киши жараат алды.
Орусиянын Коргоо министрлиги 30-июнга караган түнү Украинанын 15 дрону атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Маалыматка ылайык, бул дрон чабуулдарынын үчтөн бири Курск облусунда болгон.
Украин куралдуу күчтөрү кабарлагандай, соңку бир сутка ичинде согуш тилкесинде орус жана украин күчтөрүнүн ортосунда 130дан ашуун кагылышуу болду. Негизги кармаштар Покровск аймагында жүрүп жатат. Украин армиясы бул багытта акыркы бир күн ичинде Орусиянын 37 чабуулунун мизин кайтарганын билдирди. Мындан тышкары орус күчтөрү Лиман, Новопавловск багыттарында да чабуулдарын улантууда.
Орусиянын Украинадагы толук масштабдуу согушу башталганына 3,5 жылга чукулдап баратат. Согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.
Шерине