Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:59

Ташиев издөөдөгү экс-депутат Канатбек Исаевдин уулу коопсуздук системасынан бошотулганын билдирди


Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутат Канатбек Исаевдин кылмышка шек саналганы үчүн уулу коопсуздук системасынын катарынан бошотулганын билдирди.

Бул тууралуу Ташиев Чаткалдагы УКМКнын райондук бөлүмүнүн имаратын ачуу аземинде билдирди. Ал ар бир жаран кылган кылмышы үчүн мыйзам алында жооп бериши керектигин белгилеп, буга мисал катары Исаевдин ишин келтирген.

“Канат Исаев деген мурдагы депутат жигитти билесиңер. Ал кылмыш кылып, учурда качып жүрөт. Сотко келе албай качып жүрөт, ага издөө жарыяланды. Биз эмне кылдык? Анын ФСБнын академиясын бүтүп жаткан баласы диплом алыш керек эле. Жакында бүтүрүүчүлөргө алгачкы аскердик чиндерди беребиз. Исаевдин баласын жумуштан бошоттук. Ал (Исаев-ред) баласынын келечегине балта чапты. Мына ушундай нерселер болбош керек. Мындай болбош үчүн ар бирибиз мыйзам алдында жооп беришибиз керек", - деди УКМК төрагасы.

Ташиев мурдагы депутат кайсы айыптын негизинде кылмыш иши козголуп, издөөгө алынганын тактаган жок. 24.kg маалымат агенттиги анын экинчи уулу Тынай Исаев тууралуу сөз болуп жатканын жазып чыкты.

Өткөн айдын аягында жергиликтүү айрым малымат каражаттары укук коргоо органдарындагы булактарга таянып, Канатбек Исаевге издөө жарыяланганын маалымдашкан. Ал учурда саясатчы кайсы иш жана эмне берене боюнча кылмышка шек саналып жатканын расмий органдар тактаган эмес. Исаев жана анын жакындары да бул боюнча үн катпай келет.

Ошол эле убакта мурдагы депутаттын уулу Чыңгыз Исаев Токмок шаардык кеңешинин төрагалыгынан, мурдагы жубайы Жамиля Исаева Жогорку Кеңештин вице-спикерлигинен кызматтан кеткени белгилүү болгон. Айрым маалымат каражаттары бул кадрдык жүрүштөрдү Исаевдин ишине байланыштырган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Исаевди былтыр 20-ноябрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып таккан. Ал коюлган айыпка макул эместигин билдирип,

6-декабрда борбор калаанын Октябрь райондук соту бөгөт чарасын карап, башка жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде абактан бошоткон. Бирок бул ирет Исаевге башка ишке байланыштуу издөө салынганын жазды.

50 жаштагы Канатбек Исаев парламенттин бир нече чакырылышынын депутаты, 2020-жылдын Октябрь окуяларынын мезгилинде кыска убакытка Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG