Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:41

МАГАТЭ: Иран уран байытууну жакында кайра башташы мүмкүн


Рафаэл Гросси.
Рафаэл Гросси.

Иран уранды байыта турган өндүрүштү уланта турган техникалык мүмкүнчүлүктөрүн сактап калган жана бир нече ай ичинде аны кайра ишке киргизе алат. Бул тууралуу Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Рафаэл Гросси CBS каналына курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, Израил менен АКШнын соккулары Ирандын өзөктүк объектилерине олуттуу зыян келтиргени менен толук жок кылган эмес.

"Айталы, алар алдыңкы айларда кайра бир нече центрифуга каскадын ишке киргизип, уран байытууну уланта алат. Бул андан да эрте болушу мүмкүн. Баары жок кылынды, эч нерсе калган жок деп айтууга болбойт”, - деди Гросси.

Буга чейин Кошмо Штаттардын жана Израилдин соккуларынан кийин АКШ президенти Дональд Трамп ирандык өзөктүк объектилер толугу менен жок кылынганын жарыялаган.

CNN жана The New York Times басылмаларынын булактары чабуулдар программаны убактылуу токтотконун гана билдиришкен. Financial Times сайты жазгандай, Ирандын байытылган уран корунун көбү аман калган.

Шерине

XS
SM
MD
LG