Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Гаага саммити: НАТО өлкөлөрү ИДПнын 5% коргонууга сарптайт


АКШ президенти Дональд Трамп жана НАТОнун баш катчысы Марк Рютте.
АКШ президенти Дональд Трамп жана НАТОнун баш катчысы Марк Рютте.

НАТО Гаагада өткөн саммиттин жыйынтыгын жарыялады. Документ беш пункттан турат.

НАТОго мүчө өлкөлөр 2035-жылга чейин ички дүң продукциясынын (ИДП) 5% коргонууга жумшоого макул болушту. Анын ичинен 3,5% аскердик максаттарга, 1,5% инфраструктураны, санарип тармактарды коргоого жумшалат.

НАТО өлкөлөрү Украинаны колдоого кеткен чыгымды коргонууга жумшалган каражат катары эсептешет. Бул Киевге жардам берүүнү жеңилдетиши мүмкүн.

Документте Орусия "евроатлантикалык коопсуздукка коркунуч туудурат" деп гана айтылган. Согуш деген сөз колдонулган эмес.

Былтыркы саммитте "Украинанын НАТОго жолу ачык" деп айтылган болсо, быйылкы документте мындай билдирүү камтылбады.

АКШ президенти НАТО саммитиндеги сөзүндө альянска мүчө өлкөлөр коргонууга кеткен чыгымдарын ИДПнын 5% деңгээлине чейин көтөрсө, НАТО "өтө күчтүү" болорун билдирген. НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте чыгымдарды 5% чейин жогорулатуу АКШ эмес, Европа өлкөлөрү менен Канаданын моюнунда болорун жана бардык өнөктөштөр муну колдоого даяр экенин белгилеген.

НАТОнун саммитти Нидерланддын Гаага шаарында 24-25-июнда өттү. Ага альянска мүчо болгон 32 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG