Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Орус армиясынын катарында согушка катышкан өзбек жараны соттолду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Орусиянын армиясынын катарында Украинадагы согушка катышкан жаран Өзбекстанда 3 жыл 1 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Repost басылмасы өлкөнүн Избаскан райондук сотунун чечимине таянып кабарлады.

Соттун маалыматына ылайык, айыпталуучу жалданма аскер катары согушка катышып, мыйзамсыз аскердик кызматка тартылган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн деп табылды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал 2019-жылы иштөө максатында Орусиянын Саратов шаарына кеткен. 2024-жылдын июнунда Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, аскердик даярдыктан өткөн. Андан кийин июль-август айларында Украинадагы Луганск облусунда жана Волчанск шаарындагы согуштук аракеттерге катышкан. Ал согушта жаракат алып, дарылангандан кийин Өзбекстанга мыйзамсыз жолдор менен кайтып барган.

Айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алып, орус паспортун алганын, бирок Өзбекстандын жарандыгынан баш тартпаганын айткан.

Бул Орусия тарапта Украинага каршы согушка катышканы үчүн өз мекенинде соттолгон биринчи өзбек жараны эмес.

Быйыл апрелде 51 жаштагы өзбекстандык жаран жалданмачылык боюнча айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылган. 2025-жылдын январында дагы бир өзбек жараны Украинанын Бахмут аймагында согушка катышканы үчүн 4 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. 2024-жылдын декабрында Куштепе районунун 22 жаштагы тургуну шарттуу түрдө 5 жылга камалган. Сентябрда “Вагнер” жалданма аскерлер компаниясында кызмат өтөгөн өзбек жараны 4 жылга кесилген. 2023-жылы октябрда дагы бир өзбек жаранына согушка катышкандыгы үчүн 3 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

Буга чейин "Хочу жить" Орусия согушка тарткан 1110 өзбекстандыктын аты-жөнүн аныктаган. Тизмедеги 109 киши урушта каза тапканы такталган. Согушка жөнөгөн өзбекстандыктардын эң кенжеси 21де, эң улуусу 61 жашта. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG