АКШ президенти Дональд Трамп Гаага шаарында өтүп жаткан НАТО саммитиндеги сөзүндө альянска мүчө өлкөлөр коргонууга кеткен чыгымдарын ИДПнын 5% деңгээлине чейин көтөрсө, НАТО "өтө күчтүү" болорун билдирди.
Журналисттердин "АКШ НАТО келишиминдеги (бир өлкөгө кол салуу жалпы альянска кол салуу катары кабыл алынат) 5-беренесин колдойбу?" деген суроосуна Трамп: "Мен өнөктөштөр менен толугу менен биргемин", -деп жооп берди. Буга чейин АКШ лидеринин бул беренени "түрдүүчө чечмелесе болот" деген билдирүүсү Европа өлкөлөрүнүн тынчсыздануусун жараткан.
НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте чыгымдарды 5% чейин жогорулатуу АКШ эмес, Европа өлкөлөрү менен Канаданын мойнунда болорун белгиледи. Ал бардык өнөктөштөр муну колдоого даяр экенин кошумчалады. Финляндиянын президенти Александр Стубб кабыл алынган чечимдерди "жаңы НАТОнун жаралышы" катары мүнөздөп, альянс азыркыдан да тең салмактуу боло турганын айтты. Финляндия, Польша жана Балтика өлкөлөрү коргонууга чыгымдарды көбөйтүүнү Орусиядан туулган коркунучка байланыштырат.
НАТОнун Гаагадагы саммитинин жыйыны башталар алдында журналисттер Дональд Трамптан Владимир Зеленский менен боло турган жолугушуусу тууралуу сурашты.
"Албетте, биз анын кээ бир маселелерди талкуулайбыз. Анын айрым түйшүктөрү бар. Зеленский жакшы жигит", – деди Трамп.
Ал Путин менен сүйлөшкөнү тууралуу да кошумчалады: "Ал Иран боюнча жардамын сунуштады. Мен ага Иран боюнча жардамдын кереги жок, бизге Орусия боюнча жардам керек дедим".
Бир нече эл аралык маалымат каражаттары украин президентинин кеңсесине таянып, шаршембиде Зеленский менен Трамптын жолугушуусу күтүлүп жатканын жазышты.
Буга чейин Канадада өткөн “Чоң жети” саммитинин алдында Трамп менен Зеленский жолугушары айтылган. Бирок Трамп ал саммиттен эрте кеткендиктен кездешүү болгон эмес.
Гаага болгон сапарында Зеленский НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте жана Нидерланддын премьер-министри Дик Схофф менен жолукту. (AiA)
Шерине