Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:24

Днепр: Орусиянын соккусунан жети киши өлдү, 70ке жакыны жараат алды


Днепр шаары (архивдик сүрөт).
Днепр шаары (архивдик сүрөт).

Шейшемби эртең менен Орусия Украинанын Днепр шаарына баллистикалык ракеталар менен сокку урду.

Днепропетровск облусунун администрация башчысы Сергей Лысак билдиргендей, акыркы маалыматтар боюнча каза тапкандардын саны жетиге жетип, 70ке жакын адам жаракат алды. Шаар мэри Борис Филатов чабуулдун кесепетин чагылдырган сүрөттөрдү жарыялады.

"Зыян тарткан имараттардын арасында 19 мектеп, 10 бала бакча, кесиптик-техникалык окуу жай жана музыкалык мектеп бар. Ошондой эле сегиз медициналык мекеме зыян тартты",- деп жазды шаар мэри.

Маалыматка караганда Одесса–Запорожье багыты боюнча жүргүнчү ташыган поезд да чабуулга туш болду. Интернетте жарыяланган тасмалардан бир нече жүргүнчү жабыркаганын, аларга куткаруу кызматы жардам көрсөтүп жатканын көрүүгө болот.

Днепропетров облусунун дагы бир шаары Самарга да абадан сокку урулду. Жергиликтүү бийлик анын кесепетинен эки адам каза болуп, тогуз киши жаракат алганын билдирди.

Орусия бул чабуулдар тууралуу азырынча расмий билдирүү тарата элек.

24-июнга оогон түнү Орусиянын аба соккусунанУкраинанын Сумы облусунда үч адам каза болгон. Украин куралдуу күчтөрү жалпысынан өткөн түнү өлкө аймагына Орусиядан 100гө жакын дрон учурулганын билдирди.

БУУнун маалыматына караганда, Орусия басып киргенден бери Украинада13 миңден ашуун карапайым кишинин өмүрү кыйылды. Алардын көбү орус аскерлеринин ракета жана дрон чабуулдарынан каза тапкан. Өлкөнүн расмий өкүлдөрү жайкын украиндер арасындагы жоготуулар мындан көп деп айтышат. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG