Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:29

Иран бир күндө соккулардан 107 киши каза тапканын кабарлады


Тегерандын тургундары талкаланган имараттарды карап турат.
Тегерандын тургундары талкаланган имараттарды карап турат.

Шейшембиде Ирандын саламаттык сактоо министри Мохаммад Реза Зафаргани акыркы бир суткада Израилдин чабуулдарынан 107 адамдын өмүрү кыйылганын билдирди.

Анын айтымында, Израил чабуул жасаган 13-июндан бери жалпы 606 адам каза болуп, 5000ден ашууну жаракат алды.

"Алардын болжол менен 95% уранды алдында калып каза болгон, ал эми 5% ооруканага жеткирилгенден кийин жаракаттарынан улам көз жумган", - деди министр.

Каза тапкандар арасында жогорку кызматтагы аскер жетекчилери жана өзөктүк программаны иштеп чыгууга катышкан окумуштуулар бар экени айтылды.

"Ирандагы адам укуктарын коргоочулары" уюму каза тапкандардын саны расмий маалыматтан эки эсе көп болушу мүмкүн деп билдирүүдө.

Ирандагы кырдаалга көз салып жаткан Human Rights Activists News Agency (HRANA) бейөкмөт уюму тараткан маалыматка караганда, 19-июнга карата каза болгондор 657 киши, жараат алгандар 2037 деп эсептелди.

Уюм каза тапкандардын кеминде 263ү жайкын тургундар (көбү Тегеранда), 20сы балдар экенин билдирген, мындан тышкары 230 маркумдун тек-жайы белгисиз.

Ал эми Израилдин расмийлери Ирандын соккуларынын 24 адам каза болгонун, 800дөйү жараат алганын бир нече күн мурда кабарлаган.

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG