Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Ошто кайненесин өлтүрүп, аялын сабоого шектүү эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районунда кайненесин өлтүрүп, аялын уруп-сабоого шек саналып кармалган 34 жаштагы адам 20-августка чейин тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Кара-Суу райондук соту 21-июнунда чыгарганын Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 20-июнда Кара-Суу районунун Мады айылында болгон. Шектүү үйүндө аялы менен кайненесин учтуу нерсе менен сайып, аялы жаракат алып ооруканага жеткирилген, ал эми кайненеси окуя болгон жерде үзүлгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кыргызстанда 2025-жылдын беш айында (январь айынан июнь айына чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 8024 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2024-жылдын алгачкы беш айына салыштырганда (2024-жыл 6192 факты катталган) 30% же 1832 фактыга көп.

Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG